• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Эки жашта дүйнө картасын жатка билген бөбөктү Галкиндин шоусуна жөнөтүү сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 09.01.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Ошто 2 жаштагы бөбөк дүйнө картасын окуп, аны менен бирге өлкөлөрдүн желектерин да айырмалап, тааныганды үйрөнгөн. Бул тууралуу баланын жеңеси Кундуз Талканчиева Facebook баракчасында билдирген.

Анын айтымына караганда, бөбөктү Максим Галкиндин “Лучше всех” шоусуна жөнөтсө болот.

Видеодо көрүнүп тургандай, бала бат эле картадан Австралия, АКШ, Корея, Түркия жана башка өлкөлөрдүн кайсыл жерден орун алгандыгын көрсөтүп бере алган.

Видеонун алдына көптөгөн жагымдуу пикирлер жазылган.

Пикир

Оставить комментарий