• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эки жыл ичинде Ысык-Көл облусунда 5 миң уй жасалма жол менен уруктандырылган

Аймак 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. Дүйнөлүк банктын “Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоорунун алкагында 2019-2020-жылдары Ысык-Көл облусунда 5 миң уй жасалма жол менен уруктандырылган. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, уруктандыруу үчүн америка селекциясынан алынган күрөн швиц породасындагы букаларынын уруктары колдонулган. Бул букалардын генетикалык мүмкүнчүлүктөрү бир лактацияда 8000 - 11000 кг сүттөн жогору.

2021-жылдын майынан баштап долбоор Ысык-Көл облусунда дагы 3 миң уйду жасалма жол менен уруктандырууну уланткан. Бул үчүн “ТЕС-центр” КФ менен келишим түзүлүп, ишке жергиликтүү техниктер тартылган. 2 миң 600 уйду жасалма жол менен уруктандырууну октябрь айында бүтүрүү пландалууда.

Аргындаштырылган музоолордун негизинде келечекте жергиликтүү сүт багытындагы уйлардын тукумун түзүү үчүн долбоор алынган музоолордун эсебин алып каттоо жүрүүдө.

Каттоого Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин адистери жана Кыргыз мал чарба илим изилдөө институнун окумуштуулары көмөк көрсөтүүдө.

Бүгүнкү күндө музоолорду каттоо аяктап жатат, тактап айтканда, 19-августка карата 3 миң 168 баш музоо катталды. Аларга карточкалар толтурулуп, жалпы каттоо электрондук базасына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий