• 86.2
  • 91.64
  • 0.89

ЭКККМК айлана-чөйрөнү булгаган компанияны аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.10.18./Кабар/. Токмок шаарында компания айлана-чөйрөнү булгаганы үчүн мамлекеттик бюджетке 2 миллион сомдон ашык акча төлөдү. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.

ЭКККМК “ТД” ЖЧКсы айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн акча төлөөдөн качкандыгы боюнча фактыны аныктаган.

Текшерүү учурунда уюм өндүрүлгөн күйүүчү-майлоочу материалдардын саны боюнча маалымат берип, ага ылайык, Чүй, Бишкек, Талас токой тармагын коргоо жана өнүктүрүү жергиликтүү фонду эсептөө жүргүзгөн. ЖЧК 2 миллион сом акча каражатын төлөп, каржы полициясы көргөн чаралардын жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 2 миллион 514 миң 618 сом төлөнгөн.

Пикир

Оставить комментарий