• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Экономика министринин орун басары Кытай элчилигинин жаңы кеңешчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Экономика 0

Бишкек, 16.09.23./Кабар/. Күн мурун экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Кытай элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча жаңы дайындалган кеңешчиси Юй Чжиган менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Абдрахманов кеңешчини кызматка дайындалышы менен куттуктап, жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.

Ал ошондой эле өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу соода-экономикалык мамилелердин өнүгүшүнө ишеним артты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги биргелешкен иш-чараларды талкуулашты.

Юй Жиган кыргыз тарапка бардык багыттар боюнча жардам берүүгө даяр экенин кабарлады.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты арттырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий