• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Эл аралык өнүктүрүү фонду Кыргызстанда жолдорду реконструкциялоого $15 млн берет

Экономика 0

Бишкек, 15.05.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү фонду (ОПЕК) "Талас - Тараз - Суусамыр автожолун реконструкциялоо" долбоору боюнча 15 млн долларга бааланган келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, келишимге министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А.дылбек Касымалиев жана финансы министри Алмаз Бакетаевдын Эл аралык өнүктүрүү фондунун башкы директору доктор Абдулхамид Альхалифа менен жолугушуусунда кол коюлду. Жолугушуу Ислам өнүктүрүү банкынын башкаруучулар кеңешинин жыл сайын өтүүчү 48-жыйынынын алкагында өттү.

Белгиленгендей, бул каражат Талас - Тараз - Суусамыр автожолун реконструкциялоого жумшалат.

Маалымат үчүн: Бул долбоордун максаты - Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тармагын өнүктүрүү жана өркүндөтүү, тактап айтканда, эл аралык жана мамлекеттер аралык мамилелерди жана сооданы, экономиканы өнүктүрүүнү камсыз кылган Суусамыр - талас - Тараз маанилүү жолдорунун бирин жакшыртуу, аймактын өсүшү, жашоо сапатын жогорулатуу жана автомобиль транспортунун коопсуздугун камсыз кылуу. Бул жол Талас облусун Кыргызстандын Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустары менен Казакстандын түштүк аймактарын байланыштырат.

Пикир

Оставить комментарий