• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоорго 627 компания катышууда

Экономика 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбооруна бир айдын ичинде дагы 124 компания кошулуп, азыркы учурда алардын саны 627ни түздү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, компаниялар пилоттук долбоорго активдүү катышып, “Электрондук эсеп-фактура” маалыматтык системасын өнүктүрүү боюнча өздөрүнүн сунуштарын жана эскертүүлөрүн берип жатышат.

Мындан тышкары, салык кызматкерлери жана компаниялардын өкүлдөрү ар жумалык негизде “Электрондук эсеп-фактура” маалыматтык системасын тестирлөөдөн өткөрүп турушат. IT-адистер сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен ар бир жолугушууга электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасын иштеп чыгып жатышат.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 1-июлунан тарта электрондук документ түрүндө электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоору иштеп жатат.

2020-жылдын 1-апрелинен тартып КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар электрондук эсеп-фактураларды милдет колдонууга өтүшөт.

Кеңири маалыматты 1240 телефону аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий