• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эми Түркияда иштеген кыргыз жарандары пенсия ала алышат

Коом 0

Бишкек, 31.01.19 /Кабар/. Түркиянын аймагында мыйзамдуу түрдө иштеген кыргыз жарандары эми пенсия ала алышат. Эки өлкөнүн ортосундагы тийиштүү мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Келишимде эки өлкөнүн жарандары үчүн социалдык камсыздоо жаатында тең укуктарды түзүү каралган.

Келишим менен өлкөлөрдүн биринде дайындалган пенсиялар адамдарга алардын экинчи өлкөнүн аймагында жашагандыгына карабастан ошол эле өлчөмдө төлөнө тургандыгы каралууда.

Ошондой эле, келишим кош бойлуулук, төрөт жана убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдар, сөөк коюуга жөлөкпулдар тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык төлөнө тургандыгы каралууда.

Соцфонддун маалыматына караганда, келишимге ылайык, эки өлкө өз аймактарында расмий түрдө иштеген эмгек мигранттарынын эмгек стажын таанып, пенсия төлөй баштайт.

Мисалы, кыргыз жараны Түркияда 15 жыл иштесе, курагы жеткенде пенсия ала баштайт. Түркияда орточо пенсиянын өлчөмү 350 долларды түзөт. Иштеген адамдар Пенсиялык фондго эмгек акысынын 23 пайызын которуп турат. Пенсияга чыгуу курагы эркектер үчүн – 60 жаш, аялдар үчүн – 58 жаш.

Ушу тапта Түркияда 14,5 миӊ кыргыз жараны иштесе, Кыргызстанда 5,3 миӊ түрк жараны иштейт.

Келишим кирген соң, Кыргызстан Түркияга жылына 10 млн сом которуп турууга тийиш.

Белгилей кетсек, Түштүк Корея менен да ушундай эле келишимди түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ал өлкөдө 15 миӊ кыргыз жараны эмгектенет, ал эми Кыргызстанда 250 корей жараны иштейт.

Пикир

Оставить комментарий