• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эмомали Рахмон Хиросимага барды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.20.18. /Кабар/. Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун Жапонияга болгон расмий сапары Хиросима шаарында башталды. Ал андан ары Киото жана Токио шаарларына барат.

Тажикстан президентинин маалымат кызматы билдиргендей, 3-октябрда Рахмон “Тынчтык паркында” “Атам бомбасынын курмандыктарынын элесине арналган мемориалга” гүл чамбар койду.

“Хиросима Хонсю аралында жайгашкан, Жапониянын заманбап шаарларынын бири. 1945-жылы 6-августта атом бомбасы ташталып, шаар толугу менен кыйраган. Курмандыктардын элесине арналып бул жерде “Тынчтык паркы” салынган. Бул паркта жардыруудан кийин сакталып калган “Гэмбаку куполу” бар. 1996-жылы ал ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген”, - деп айтылат тажик президентинин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

“Тынчтык паркында” 1945-жылдагы трагедиянын курмандыктарынын элесине арналган айкелдер, сүрөттөр сакталган мемориалдык музей да бар.

Пикир

Оставить комментарий