• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Энергетика министри: Бишкек ЖЭБи жылытуу мезгилине толук даяр

Коом 0

Бишкек, 29.09.23. /Кабар/. Бишкек ЖЭБи жылытуу мезгилине толук даяр, - деп билдирди энергетика министри Таалайбек Ибраев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборунун 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгын текшерүү учурунда.

Анын айтымында, бардык иштер бекитилген график боюнча жүрүп жатат.

“Быйыл күз-кыш мезгилдеринен чыгуу үчүн 1200 миң тонна көмүр керектелет. 28-сентябрга карата ЖЭБдин кампасында 310 миң тонна көмүр бар, өткөн жылга салыштырмалуу 110 миң тоннага көп”, - деп кошумчалады министр.

Пикир

Оставить комментарий