• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Энергетика министри Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын иши менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барды.

Ведомстводон билдиришкендей, алгач министр Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын жаңы курулган имараты менен таанышып, кызматкерлер менен жолугушту.

Таалайбек Ибраев өз сөзүндө, жумушчуларга жоопкерчилик жүктөлгөндүктөн, аларга жетиштүү шарт түзүп берүү керектигин белгиледи. Мындан тышкары, ишканага бир топ техникалар сатып алынып, электр жабдууларды алмаштыруу менен авариялык өчүүлөр кыскаргандыгын кошумчалады.

Андан соң, энергетика министри Таш-Көмүр райондук электр тармактарынын толук оңдоп-түзөөдөн өткөн имаратын көрүп чыкты. Эске сала кетсек, имарат 1983-жылы курулганы оңдоп-түзөөдөн өтө элек болчу.

Иш сапардын алкагында Ибраев Базар-Коргон шаарында жайгашкан темир-бетон, зым тирек чыгаруучу цехтин ишмердүүлүгү менен да таанышты. Министр мындагы чыгарылган сапаттуу электр орноткучтары, мамычалар керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого шарт түзөрүн айтты.

Ошондой эле ал Базар-Коргон район электр тармагынын кеңсесинин учурдагы абалын текшерип, тиешелүү адистерге оңдоп-түзөөгө муктаж чатырын быйылтан калбай алмаштырууну тапшырды.

Андан соң, Таалайбек Ибраев Жалал-Абад райондук электр тармактар ишканасынын ишмердүүлүгү менен да таанышты. Анда жаңы ачылган окуу классты, электр шаймандары турчу кампаларды, диспетчердик бөлмөнү карап чыгып, ар бир адис техникалык коопсуздук боюнча окуудан өтүүсү керектигин белгилеп, айрым кемчиликтерди жоюп, кызматкерлерге шарт түзүүнү тапшырма берди.

Буга улай эле Сузак райондук электр тармактарын да карап чыгып, 2023-жылы аткарган иштерине баа берди.

Эки күндүк иш сапарында энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын кызматкерлерине жыйын өтүп, анда 2023-жылдагы аткарган ишмердүүлүгүнө жогорку баа берип, 2024-жылда дагы мерчемделген пландарды жогорку аткаруусун тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий