• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 13.03.24./Кабар/. Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эртең, 14-мартта саат 9:00дөн 18:00гө чейин Алтын-Ордо, Кара-Жыгач, Полиция шаарчасы, ошондой эле Достоевский көчөсү, Анкара көчөсү, Ауэзов көчөсү, темир жол менен чектелген аймакта суу берүү токтотулат.

Суу «Контррезервуар» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алуусун суранат.

Пикир

Оставить комментарий