• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“EXPO Кытай-Евразия: товарлар жана соода 2023”. Акылбек Жапаров Кыргызстандын павильонуна барды

Өкмөт 0

Бишкек, 17.08.23. /Кабар/. Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна (КЭР СУАР) болгон иш сапарынын алкагында “EXPO Кытай-Евразия: товарлар жана соода 2023” көргөзмөсүнө барды.

Көргөзмөгө барган министрлер кабинетинин төрагасы машина куруу, энергетика, экология, өнөр жай жабдуулары, курулуш технологиялары, электр техникалары, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы, саламаттыкты сактоо жана медициналык техникалар сыяктуу товарлардын кеңири ассортименти менен таанышты.

Акылбек Жапаров ошондой эле ата мекендик продукциялар коюлган Кыргызстандын павильонунда болду.

Белгилей кетсек, Үрүмчү шаарында (СУАР) 17-августтан 21-августка чейин Азия менен Европанын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган “EXPO Кытай-Евразия: товарлар жана соода 2023” көргөзмөсү өтүүдө.

EXPO Кытайда 2015-жылдан бери өткөрүлүп келет, ал эми бул жылдын негизги темасы сооданы өнүктүрүү болуп саналат.

Көргөзмөгө 1,3 миңден ашуун компания, анын ичинде дүйнөдөгү ТОП-500 алдыңкы компаниялардын 25и катышууда.

Буга чейинки “EXPO Кытай-Евразия: товарлар жана соода” көргөзмөсү 2015, 2017 жана 2021-жылдары өткөрүлгөн. Аларга дүйнөнүн 46 өлкөсүнөн жана аймактарынан 3,7 миңден ашуун компания катышкан.

Пикир

Оставить комментарий