• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Фарид Ниязов: Кыргызстандын президентин шайлоо уюшкандыкта өтүүдө

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстандын президентин шайлоо уюшкандыкта өтүүдө. Бул тууралуу президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабынын жетекчиси Фарид Ниязов билдирди.

Анын айтымында, Жээнбековдун штабы ачык, иштеп жатат жана бардык каалоочулар каалаган учурунда келип, маалымат алышса болот. “Шайлоо жалпысынан уюшкандыкта, мыйзам чегинде өтүп жатат. Биздин штаб үгүт маалында жана бүгүн мыйзамдын алкагында иштеп жатат”, - деди Ниязов.

Штабдын жетекчиси албетте, бардык кампаниялардын жүрүшүндөгүдөй эле кыйынчылыктар бар экенин белгиледи. “Биздин талапкер белгилегендей, бул Кыргызстандын тарыхындагы абдан курч жана атаандаштык шайлоо. Бузуулар болсо, алар катталып жатканы түшүнүктүү. Биздин штаб дагы көзөмөлдөп жатат. Штабыбыз бул бузуулар каралуусуна кызыкдар”,- деди Ниязов.

Штабдын башчысы бул шайлоодо алардын талапкерине ким башкы оппонент экенин айтты.

“Биздин эң кооптуу оппонент шайлоочулардын добушун сатып алуу. Бүгүн республиканын ар кайсы жактарынан мындай аракеттер болуп жатканы тууралуу билдирүүлөр түшүүдө. Добуштарды сатып алуу – бул кылмыш. Мындай фактылар болгон жерде, аларга карата чаралар көрүлөт”, -деп, добуштарды сатып алуу- шайлоо институтуна өзгөрүүлөрдү киргизе талуучу чыныгы коркунуч экенин кошумчалады.

“Муну эстен чыгарбоо зарыл”, -деди Ниязов.

Анын айтымында, добуштарды сатып алуу үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Пикир

Оставить комментарий