• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Финансы министрлиги: 2023-жылда энергетика секторуна 31,1 млрд сом каралды

Экономика 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. 2023-жылы энергетика тармагын каржылоого 31,1 млрд сом өлчөмүндө каражат каралды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • бюджеттик каражаттар 21,9 млрд сом;
  • атайын эсептин каражаттары 26,4 млрд сом;
  • мамлекеттик инвестициялар 9,1 млрд сом.

"Кыргызтеплоэнерго" мамлекеттик ишканасынын жылуулук энергиясын субсидиялоого 1,5 млрд сом каралып, 1-апрелге карата 800,9 млн сом (51,0%) бөлүндү.

Мамлекеттик бюджеттен (МБ) 2023-жылга жергиликтүү бюджеттерден каржыланган мекемелер тарабынан керектелген электр энергиясынын чыгымдарын жабуу үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга 1,2 млрд сом каралган, 1-апрелге карата 486,2 млн сому (42,0%) каржыланды.

2023-жылга бюджеттик кредиттер 4,7 млрд сом өлчөмүндө каралып, учурда 255 млн сом бөлүндү, анын ичинен "Электр станциялары" ААК менен 3 млрд сомго долбоор макулдашылды.

"Чакан ГЭС" ААКсы менен Талас облусунун Манас районундагы Киров суу сактагычындагы Бала-Саруу кичи ГЭСинин курулушуна 2 млрд сом каралган. Алар:

  • Мамлекеттик бюджеттин эсебинен – ​​1,3 млрд сом;
  • КР Улуттук банкынын сактык эсептеринин эсебинен - ​​700,0 млн сом

Камбар-Ата ГЭС-1 курулуш долбоорун долбоорлоо-изилдөө иштери менен даярдык мезгилиндеги объекттерди куруу боюнча планын ишке ашыруу үчүн "Электр станциялары" ААКнын бюджеттик насыясы 1,6 млрд.

Жылдык муктаждыктар боюнча:

  • 2022-жылга - 117 млн ​​сом (толугу менен бөлүнгөн);
  • 2023-жылга - 816 млн сом каралган, анын ичинен 1-апрелге карата 180 млн сому бөлүнду;
  • 2024-жылга - 621,4 млн сом.

Орто-Токой суу сактагычындагы кичи ГЭСтин курулушуна 350,0 млн сом бюджеттик кредит каралган.

Капиталдаштыруу: Мамлекеттик стратегиялык энергетикалык ишканалардын финансылык туруктуулугун жогорулатуу максатында уставдык капиталды көбөйтүүгө "Электр станциялары" ААК жана "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКсына 10,8 млрд сом каралып, 536,7 млн сому бөлүндү.

Ал эми Энергетика министрлигинин административдик чыгымдарына 2023-жылга карата 125,2 млн сом (бюджеттик, атайын эсептин каражаттары) каралды, анын ичинен 1-апрелге карата 44,1 млн сом бөлүндү.

Пикир

Оставить комментарий