• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Финансы министрлиги айрым маморгандардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Бюджет кодексине өзгөртүүлөрдү киргизет

Өкмөт 0

Бишкек, 15-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги айрым министрликтер менен ведомстволордун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексине өзгөртүүлөрдү киргизет. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги астында өткөн жыйында Кыргыз Республикасынын Финансы министри Адылбек Касымалиев маалымдады. Өзгөртүүлөр айрым министрликтер менен ведомстволорго тийиштүү жана ведомство алдындагы мекеме-уюмдардын ишинин өзгөчөлүктөрү эске алынды. Мында мамлекеттик органдардын күнүмдүк иш чараларын ыкчам каржылоо тууралуу сөз болууда.

«Бул министрликтер менен ведомстволордун жетекчилеринин бюджеттик каражаттарды чыгымдоодо каржылык тартипти жана ачыктыкты сактоодогу жоопкерчилигин алып салбайт», – деп баса белгиледи финансы министри Адылбек Касымалиев.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, министрликтер менен ведомстволор каржылык тартипти жана чыгымдардын ачыктыгын так сактоо керектигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий