• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Григорьевка айылындагы жалгыз бой энеге айыл жаштары тарабынан үй курулууда

Аймак 0

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Григорьевка айылындагы жалгыз бой эне Мейизгүл Корголдоевага айыл жаштары 2 бөлмөлүү турак жай курууда.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей, үй айылдын 1985-жылкы жаштарынын демилгеси менен курулууда

Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат ажы Сейталиевдин айтымында, демилгени айыл жаштары көтөрүп, ысырапкорчулукка жол бербестен кайрымдуулукка жумшоо чечимин кабыл алышкан.

“Мына ушундай үлгүлүү жаштарыбыз көбөйүп, өсүп келе жаткан муундарга түрткү берсин”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий