• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Япон корпорациясы КРда өкүлчүлүгүн ачат

Коом 0

Бишкек, 05.09.17 /Кабар/. “Tokyo Rope Construction” япон корпорациясы Кыргызстанда өкүлчүлүгүн ачууну чечти. Бул тууралуу КРнын Япониядагы элчиси Чыңгыз Айдарбековдун “Tokyo Rope MFG” корпорациясынын биринчи вице-президенти К.Сато менен сүйлөшүүдө белгилүү болду.

ТИМ басма сөз кызматы билдиргендей, ишкана “Tokyo Rope MFG” тоо инженердик долбоорлор боюнча чет элдик келишимдери менен алектент. Буга байланыштуу К.Сато элчиликтин кызматташуусуна ишеним билдирди.

Жолугушууда тараптар президент А.Атамбаевдин жана премьер-министр С.Жээнбековдун “Tokyo Rope MFG” башкармалыгынын төрагасы менен 2017-жылдын мартындагы келишимдерин ишке ашырууну талкуулашты.

Өз кезегинде Ч.Айдарбеков кызматташууга даярдык билдирип, “Tokyo Rope MFG” компаниясынын Кыргызстандын рыногуна кириши КРда бизнес жүргүзүүнүн ыңгайлуу шарттарын ырастайт деп билдирди.

Пикир

Оставить комментарий