• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Япониядагы суу ташкыны 195 адамдын өмүрүн алды

Дүйнө 0

Бишкек, 12.07.18. /Кабар/. Япониянын түштүк-батыш жана борбордук райондорунда болгон суу ташкынынан улам 195 адам каза болду, дагы 4 адам оор абалда, 23 адам дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу Япониянын Министрлер кабинетинин катчысы Ёсихидэ Суга билдирди.

Анын айтымында 10догон адамдардын жайгашкан жерин жана коопсуздугун аныктоого мүмкүн болбой жатат.

"Ушул саатка чейин кырсыктан каза болгондордун саны 195ке жетти, 4 адам оор абалда, 23 адам дайынсыз жоголгон. Андан сырткары 42 кишинин жайгашкан жерин жана коопсуздугун аныктоого мүмкүн болбой жаткандыгы тууралуу маалыматтар келүүдө", - деди Суга Токиодо өткөн маалымат жыйынында.

Анын билдиргенине караганда, кырсык болгон жерлерде учурда 73 миң коргоо күчтөрүнүн, полициянын жана өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери иштеп жатышат. 80 тик учак колдонулуп жатат. Жума күнү Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ кырсык болгон райондорго барат.

NHK телеканалы 5600 адам эвакуациялык пункттарда экенин, 239 миң үй-чарбасы азыркыга чейин суусуз калганын айтып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий