• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ички иштер министрлигинин ички аскерлери ИИМдин ички коопсуздук аскер кызматы болуп түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 31.10.19. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин ички аскерлери ИИМдин ички коопсуздук аскер кызматы болуп түзүлдү. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков КР ИИМдин ички аскерлерин ИИМдин ички коопсуздук аскер кызматы болуп кайрадан түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Белгилүү болгондой, 2014-жылы аскердик реформанын алкагында ички аскерлер ички иштер министрлигинин карамагынан чыгарылып, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн тутумундагы Улуттук гвардиянын курамына киргизилген.

«Турмуш көрсөткөндөй, ички аскерлердин Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын курамында болуусу алардын өлкөнүн ички коопсуздугун камсыздоо боюнча күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларын аткарууда мүмкүнчүлүктөрүн чектеп койгон. Ушуга байланыштуу, коомдук тартипти, коомдун жана жеке инсандын коопсуздугун камсыздоо мамлекеттик тутумун жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын президентинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы №183 сандуу Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясына мурда берилген штаттын, документтердин, имараттардын, курулуштардын, материалдык-техникалык каражаттардын жана башка мүлктөрдүн эсебинен Ички иштер министрлигинин ички аскерлерин түзүү сунушталган», - деп билдиришти министрликтен.

Ошондой эле жүрүп жаткан ички иштер органдарын реформалоонун жана алардын ишмердүүлүгүн өркүндөтүүнүн алкагында ички аскерлерди ИИМдин ички коопсуздук аскер кызматы кылып түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий