• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

II Элдик курултай: Жумгалдан келген делегат ЖЭБ куруп берүүнү суранды

Курултай 0

Бишкек, 16.12.23. /Кабар/. Экинчи Элдик курултайдын Жумгал районуна келген делегаты Бекгазы Медетов бул аймакка инвесторлордун колдоосу менен кубаттуулугу 5 МВт ЖЭБ курууну суранды.

Ал Жумгал районунда көмүрдүн баасы кымбат экендигин билдирди.

"Аймакта 1,5 млн тоннадан 2 млн тоннага чейин көмүр өндүрүлөт, бирок жергиликтүү калк кара алтынды республика боюнча колдонулуучу баада сатып алат. Бизге көмүрдү өздүк баасын беришсе. Бизде болгону 8 миң эле түтүн жашайт, алар болгону 40-50 миң тоннадай эле көмүр керектейт. Ушул маселени карап берсеңиз. Жумгал республика боюнча эң жакыр район деп табылганын билесиз", - деди делегат.

Ошондой эле ал ал суу чарбасы, оорукана маселесине токтолду.

"Коронавирус учурунда төрөтканага жатып калдык. Анткени оорукана жок. Учуну эске алып, оорукана куруп берсеңиздер", - деди жумгалдык делегат.


Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

Пикир

Оставить комментарий