• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМ Академиясынын кызматкерлери сууга агып бараткан кызды аман алып калышты

Коом 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. ИИМ Академиясынын кызматкерлери менен курсанттары сууга агып бараткан кызды аман алып калышты, - деп кабарлайт ИИМ Академиясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ИИМ Академиясында кезметте турган курсант Бекжан Асылбеков Аламүдүн - 1 кичи районундагы каналда кыз сууга агып баратканын жана жардамга чакырып кыйкырып жатканын көргөн. Курсант дароо ИИМ Академиясынын нөөмөт бөлүмүнө билдирген.

"Нөөмөтчү милициянын подполковниги Шамиров Ж., нөөмөтчүнүн жардамчысы милициянын прапорщиги Тангатаров Б., жана Академия боюнча жооптуу милициянын полковниги Камчыбеков Н., тарабынан ыкчам аракеттер көрүлүп, агып бара жаткан кызды суудан алып чыгышкан. Андан соң денесиндеги жаракаттарына биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, медициналык тез жардам кызматына тапшырып беришкен. Өз маалында жардам көрсөтүп, аман алып калган Академиянын кызматкерлерине кыздын ата-энеси, туугандары ыраазычылык билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий