• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

ИИМ кастыкты козуткан материалдарды тараткандарга карата кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет

Коом 0

Бишкек, 17.12.20. /Кабар/. КР Ички иштер министрлиги региондор аралык (улуттар аралык) кастыкты козутуу белгилери бар материалдарды даярдагандарга жана тараткандарга карата кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет.

ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, президенттик шайлоого карата шайлоо өнөктүгү башталгандыгына байланыштуу, WhatsApp жана башка социалдык тармактарда региондор аралык (улуттар аралык) кастыкты козутууга багытталган чагымчыл материалдарды тараткан фактылар орун алууда.

Ушуга байланыштуу Ички иштер министриги жана анын аймактык бөлүктөрү чагымчыл материалдарды тараткандарды аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

"Аймактар аралык (улуттар аралык) кастыкты козутуу белгилерин камтыган материалдарды даярдоо жана жайылтуу менен жарандар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесине (расалык, этникалык, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертебиз", - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар аркылуу чагымчыл маалыматтарды таратпоого чакырат. Эгерде ушундай фактылар катталса, анда ички иштер органдарына -102 кызматы аркылуу кабар берсе болот.

ИИМдин кошумчалашкандай, Кыргыз Республикасынын мыйзамын билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.

Пикир

Оставить комментарий