• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМ: Оң рулдуу унаалардын мыйзамсыз каттоого алынгандыгы боюнча атайын комиссия түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Социалдык тармактарга чыккан оң рулдуу автоунаалар боюнча Ички иштер министрлигинин “Унаа” мамлекеттик мекемеси түшүндүрмө берди.

ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин басма сөз кызматы билдиргендей, жарандык активисттер социалдык тармактарга бөлүшкөн оң рулдуу автоунаалардын кандай жол менен каттоого тургандыгы боюнча ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемеси тарабынан атайын комиссия түзүлүп кызматтык териштирүү башталганын билдиребиз.

"Белгилей кетсек, коомдук активисттер тарабынан социалдык баракчаларга чыккан 40ка чукул транспорт каражаттарынын материалдары дароо көзөмөлгө алынып, кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Алардын ичинде, бүгүн жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан “Хонда фит” жана “MITSUBISHI DELIKA” – автоунаалары дагы бар.

Бул күмөн жаратккан транспорт каражаттарын каттоо же кайра каттоо учурунда канчалык деңгээлде мыйзам бузулгандыгы тууралуу комиссия дыкат иликтеп чыгып, аныкталган мыйзамсыз фактылардын жыйынтыгын күч органдарына өткөрүп берет. Ошондой эле жагдайга тиешеси бар жетекчилер дагы мыйзам чегинде катуу жазаланат.

Эскерте кетсек, буга чейин “Tayota-Estima” автоунаасын эреже бузуу менен каттагандыгы үчүн аймактык бөлүмдүн кызматкери жумуштан алынып, тийиштүү материалдар күч органдарына өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Окуя тууралуу териштирүү иштери толугу менен бүткөндөн кийин кененирээк маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий