• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМдин аскер бөлүгүнүн командири Москвадагы турнирде үчүнчү орунду ээледи

Коом 0

Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. ИИМдин Ички аскерлеринин 7704 аскер бөлүгүнүн командири Ринат Байшериев Москва шаарында кармашып урушуу боюнча дүйнөлүк Достук кубогунда үчүнчү орунду ээледи.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, спорттук иш-чара 7-9-апрель күндөрү Москвада экинчи жолу өткөрүлүп, мелдешке 21 өлкөдөн 300дөн ашык спортчу катышкан.

Ага Кыргызстандан дагы спортчулар барган. Алардын бири ИИМдин Ички аскерлеринин 7704 аскер бөлүгүнүн командири Ринат Байшериев. Ал 95 кг , 95 кг жогорку салмак категориясында күч сынашып, 3-орунду багындырды.

Белгилей кетсек, Ринат Байшериев кармашып урушуу боюнча дүйнөлүк кубокко экинчи жолу катышууда. Биринчи турнирде дагы байгелүү орунду ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий