• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Илим Карыпбеков КТРКнын башкы директорлугуна кайрадан ат салышат

Коом 0

Бишкек, 15.02.19. /Кабар/. Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын учурдагы директору Илим Карыпбеков кайрадан КТРКнын башкы директорлугу кызматына өз талапкерлигин койду. Бул тууралуу ал Facebook'тагы баракчасында жазган.

Илим Карыпбеков өзү жазгандай, ал бир нече ирет директорлук кызматына кайра барбай турганын айткан.

"Ал көптөгөн объективдүү жана субъективдүү себептер, баарынан мурун, күчтүү, деми бар, кесипкөй жаңы адамдарга КТРКны өнүктүрүүсүнө мүмкүндүк берүү ниетинде айтылган", - деп жазат ал.

Ал билдиргендей, анын мөөнөтүнүн аякташына 2-3 ай калганда, айрыкча ачык сынак жарыялангандан тарта бул маселе боюнча кызуу талкуу жүрүп жатат.

"Тилекке каршы айрым адамдар КТРКнын 4 жылдагы ишин терс маанайда көрсөткүлөрү келет", - дейт ал.

"Бир жагынан аталган себептер, ошондой эле КТРКнын кызматкерлеринин өз каалоолору болуп КТКРнын Байкоочу кеңешине, президент, парламентке жана мага кийинки ачык сынакка катышуу боюнча кайрылган", - деп жазат Илим Карыпбеков.

Буга байланыштуу ал, чечим оңой болбосо да КТРКнын башкы директорлугу кызматына ат салышууну чечкен.

Эскерте кетсек, КТРКнын Байкоочу кеңеши 2019-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору кызматына ачык сынак жарыялаган. Сынакка катышуучу талапкерлер 2019-жылдын 18-февраль күнү саат 17.00гө чейин КТРКнын Байкоочу кеңешинин катчылыгына (Кыргыз Республикасы, 720010, Бишкек шаары, Жаш Гвардия бульвары 59) документтерин жабык конвертке салып, "КР КТРК башкы директору кызматы сынагына" деген белги менен жөнөтүү керек.

Пикир

Оставить комментарий