• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Италияда КР тышкы иштер министри ФАО жана ИФАД жетекчилери менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 10-ноябрында Италияга расмий сапарынын алкагында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) башкы директору Цюй Дунъю жана Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун (ИФАД) президенти Гилберт Унгбо менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ФАО жана ИФАД жетекчилери министр Р.Казакбаевге Италияга жасаган биринчи расмий иш сапарынын алкагында өзүнчө жолугушууларды өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен БУУнун уюмдарынын айылчарба жана тамак-аш тармагында кызматташуусун бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Министр Р.Казакбаев Кыргызстандын ФАО жана ИФАД менен азык-түлүк коопсуздугу жана Кыргызстандын айыл чарба продукциясын алдыга жылдыруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташуусун өнүктүрүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. КР Тышкы иштер министрлигинин башчысы кыргыз тарап ФАО жана ИФАД менен конструктивдүү диалогдун духунда маселелердин бардык спектри боюнча ачык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Министр Р.Казакбаев ФАО жана ИФАД жетекчилерине БУУнун алкагында 2022-жылды Эл аралык Тоо жылы деп жарыялоо боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясын кыргыз тарап илгерилетүү тууралуу маалымат берди. Бул контекстте КР Тышкы иштер министрлигинин башчысы ФАО менен ИФАД кыргыз тарапка жигердүү жардам көрсөтүүсүнө чакырып, резолюциянын кабыл алынышы тоолуу өлкөлөрдүн экономикалык абалы туруктуу экологиялык жана социалдык-экономикалык өнүгүүгө түрткү берерин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий