• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы ишке кирди

Коом 0

Бишкек, 24.08.20. /Кабар/. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы ишке кирди. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 17-августунда өкмөттүн №277-б буйругу менен Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталын тажрыйбалык эксплуатациялоо тартиби (мындан ары – Бирдиктүү портал) бекитилди.

Ошону менен бирге, өкмөттүн аталган буйругу менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине аткаруу бийлигинин органдары менен биргеликте Бирдиктүү порталда ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун илгерилетүүнүн жүрүшү жөнүндө маалыматты берүү боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү тапшырмасы берилген.

Бүгүнкү күндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоодон өткөрүүнүн учурдагы практикасы жарандардын ченем жаратуу процессине реалдуу катышуусун камсыз кылбайт, анткени иштеп жаткан механизмдер демилге жөнүндө кызыкдар тараптарды тез арада кабарлоого жана аларды талкууга өз убагында тартууга мүмкүндүк бербейт.

Ушуга байланыштуу, 2018-2020-жылдарга карата Ачык өкмөттү куруу боюнча Улуттук иш-аракеттер планынын 17-чи жана 18-пункттары менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун жол-жоболорун өркүндөтүү боюнча иш чараларды уюштуруу жана бирдиктүү электрондук портал түзүү тапшырылган.

Бирдиктүү портал төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү берет:

- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун тексттери менен таанышуу;

- жарандардын ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна жалпыга жеткиликтүү боло турган сунуш-көрсөтмөлөрдү, сын-пикирлерди жана сунуштарды коюу. Аларга иштеп чыгуучу органдан онлайн режиминде жооп алуу мүмкүнчүлүгү;

- белгилүү бир тармактагы мыйзамдарга (жарандарга жана уюмдарга кызык болгон мыйзамдардын тармагына “кошулуу” керек) тигил же бул ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жайгаштырганда жарандар жана уюмдар автоматтык түрдө билдирүү алуу мүмкүнчүлүгү;

- коомдук талкуулоо жол-жоболору аяктагандан кийин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун кийинки жүрүшүнө көз салуу;

- кеңейтилген издөө тутуму.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан жакынкы арада Бирдиктүү порталдын онлайн-бет ачары (презентация) пландаштырылууда. Иш-чаранын датасы, убактысы жана форматы алдын ала жарыяланат.

Ошондой эле мамлекеттик органдар үчүн Бирдиктүү порталды эксплуатациялоо боюнча окутуу тренингдери өткөрүлөт.

Бирдиктүү портал Европалык Бирлигинин “Кыргыз Республикасындагы укуктун үстөмдүгү - 2-фаза” Программасынын жана ЮСАИДдин биргелешип башкаруу Программасынын колдоосу менен иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий