• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Көйгөйлүү жеке идентификациялык номерлер боюнча арыздарды кароо мөөнөтү кыскартылды

Коом 0

Бишкек, 27.04.21. /Кабар/. Жарандардын көйгөйлүү жеке идентификациялык номерлер боюнча арыздарын кароо мөөнөтү кыскартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Каттоо кызматы жарандардын маалыматтарын актуалдаштыруу, ошондой эле мурда туура эмес берилген (көйгөйлүү) ЖИНдерди (жеке идентификациялык номер) оңдоо боюнча жарандардын кайрылуусу боюнча иш жүргүзөт.

Кээ бир учурларда популярдуу социалдык тармактарда (Фейсбук, Инстаграм, Твиттер ж.б.) жарандардын ЖИН боюнча кайрылууларын кароо мөөнөттөрүнүн бузулгандыгы жөнүндө маалыматтар кездешип калат. Кызматтын жетекчилиги мындай көрүнүштөрдү жокко чыгаруу боюнча бардык чараларды көрдү.

Эми, жеке идентификациялык номерлер боюнча арыздар 1 күндөн 3 күнгө чейин убакытта каралат.

Мамлекеттик каттоо кызматы ЖИН боюнча арыздарды карап чыгуу акысыз экендигин эскертет.

Маалымат үчүн:

Жеке идентификациялык номер баланын туулгандыгы тууралуу каттоо болуп жаткан учурда берилет. Бүгүнкү күндө, ЖИН жаранды идентификациялоо үчүн анын уникалдуу өзгөчөлүгү катары колдонулуп, ар кандай ведомстволук маалыматтык тутумдарда жарандардын жеке маалыматтарын байланыштырган идентификатор катары колдонууга мүмкүндүк берип, электрондук форматта ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.

Пикир

Оставить комментарий