• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кадамжайда 8 жыл мурда жоголгон жаран изделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Кадамжайда 8 жыл мурда жоголгон жаран изделүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кадамжай районунун Жеңиш (мурдагы Халмион) айылынын 1956-жылы туулган Сапаров Орозбай 2016-жылдын июнь айларында өзү жашаган үйүнөн чыккан бойдон кайрылып келген эмес.

Бул факты Кадамжай РИИБне катталып, 2016-жылы издөө иштери ачылган.

Сапаров Орозбайдын дене түзүлүшү арыкчырай, көздөрү кара, бою 170-175см., психикалык жактан жабыркабайт.

Өзгөчө белгилери: оң кашынын үстү жагында 1-1,5см өлчөмүндө тырыгы бар.

"Жогорудагылардын негизинде, дайынсыз жоголгон 68 жаштагы Орозбай Сапаровдун жүргөн жерин аныктоо максатында коомчулукка кабарлап, эгерде аталган факт боюнча кандайдыр бир маалымат болсо төмөндөгү телефондорго билдирип коюуӊуздарды суранабыз: 102, 03655 5-02-29, 0701026968", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий