• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кадамжайда милиция кызматкерлери муктаж үй-бүлөлөргө жардам беришти

Аймак 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Кадамжайда милиция кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам кылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай РИИБдин жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүлөрү демилге көтөрүп, район аймагында аз камсыз болгон, жакыр жашаган үй-бүлөлөргө жардам берди.

Жерине барып, ар бир үй-бүлөдөн кабар алып, алардын мектеп окуучуларынын шарттары менен таанышып, азык-түлүк жагынан жардам берди. Район боюнча жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү аныктап, социалдык камсыздоо бөлүмүнө маалымат катары жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий