• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кадамжайда "Режим" иш-чарасы өткөрүлүп, 87 жаранга айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Кадамжай районунун аймагында 2022-жылдын 16-17-февраль күндөрү "Режим" иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында район аймагында жайгашкан Халмион, Торговый, Кадамжай базарлары жана Айдаркен, Кадамжай автобекеттери текшерилди. Мындан сырткары, көп кабаттуу үйлөр, алардын жер төлөлөрү, чатырлары көзөмөлдөн өткөрүлдү.

Район аймагындагы жергиликтүү тургундардын 1598 атуул камтыган 578 кожолук үй текшерилип, аларга үй мүлктөрүн, мал-жандыктарын сак кароого, үй-бүлөлүк зомбулуктарды болтурбоого эскетүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жыйынтыгында коомдук жайларда спирт ичимдигин ичип жүргөн 4, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жасаган 1, автоунаасын мас абалында башкарган 3, жол эрежесин бузуп автоунаа башкарган 79 жаран аныкталып, аларга КР Укук бузуулар кодексинин негизинде протоколдор толтурулуп, айыппулдар салынды.

Бул иш-чаранын максаты - коомдук коопсуздукту сактоо болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий