• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Калифорния штатындагы жээкти гиганттык тумандуу булут каптады

Дүйнө 0


БИШКЕК, 09.08.17. /Кабар/. Калифорниянын Санта-Круз шаарындагы жээкти күтүүсүздөн гиганттык тумандуу булут каптады.

Роликтин авторунун айтымында, анын YouTube каналында асман күтүүсүздөн карарып, катуу шамал согуп, андан соң ал булутту көргөн.

“Кол чатырлар учуп, кум бетиме чачылды. Адамдар шашып жээктен кете башташты. Бир нече мүнөттөн кийин булут өтүп, күн көрүндү”, - дейт автор.

Айрымдар коркуткан ойлору менен бөлүшүп жатышат.

“Коюу булутта космостук кеме жашырынган”, - деп жазат James Austria.

“Ал күтүүсүздөн кулап түшүүчүдөй сезилди”, - деп жазат Nitin Kumar.

“Бул акыр заман”, - дейт Chrome Who.

Булагы: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий