• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Каналдарга, агын сууларга, көлмөлөргө жакын жашагандар балдарына тийиштүү көзөмөл жүргүзүүсү керек - милиция

Коом 0

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. Талас районунун Нуржанов жана Долоно айылдык аймагында Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жарандардын коопсуздугун сактоо, сууга чөгүү кырсыктарынын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Талас ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Ал жерлерде көлмө жана суунун агымы күчтүү болгон жана сууга түшүүгө кооптуу жерлерге эскертүүлөр илинип, жакын арада жашаган тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Көп учурда жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүп кетүүсүнө ата-энелердин жетишсиз көңүл бурулушу себеп болуп калышы мүмкүн.

Жыл башынан бери Талас облусунун аймагында сууга чөгүп каза болгон 2 факты катталган. Анын кесепетинен 3 жаран каза болгон.

Талас РИИБнин кызматкерлери каналдарга, агын сууларга, көлмөлөрдүн көрүнүктүү жерлерине атайын эскертмелерди, тактачалардын илинишин көзөмөлгө алышууда. Аталган иш-чара тынымсыз күнүгө жүргүзүлөт.

Талас ОИИБи эскертет: Сууга жакын жашаган жарандарды жаш өспүрүм балдарына тийиштүү көзөмөл жүргүзүү керек жана кырсыктын алдын алуу үчүн коопсуздук чараларын көрүү керек.

Пикир

Оставить комментарий