• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кара-Сууда иниси агасын балталап өлтүрдү деген шек менен кармалды

Кырсык 0

Бишкек. 02.04.19 /Кабар/. Кара-Суу районундагы Маданият айылынын 47 жаштагы тургуну Д.Ж. бир тууган агасын – 48 жаштагы Т.Ж. өлтүрдү деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Ош облусунун облустук милициясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 1-апрелге караган түнү саат 4:00 чамасында милицияга ыкчам кабар түшкөн.

Ыкчам-иликтөө тобу окуя болгон жерге барганда өз үйүндө башына бир нече жолу миздүү буюм менен сокку жеп өлтүрүлгөн жаран табылган.

Кылмышка шектүү катары каза болгон адамдын бир тууган иниси кармалган.

Ал байкесин балта менен уруп өлтүргөнүн мойнуна алган.

Анын мындай кадамга эмне себептен баргандыгы териштирилүүдө.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий