• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Каракол шаарында алдамчылыктын бети ачылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. Каракол шаарында алдамчылыктын бети ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Каракол ШИИБне билдирүү түшүп, анда «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жанынан белгисиз жаран айдоочулук күбөлүктөрдү алууга жардам берем деп автомектептердин курсанттарынан 5000 сомдон алып, убадасын аткарбай, изин жашырып кеткендиги жөнүндө кабарланган.

Аталган жаран милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алды жана «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Шаардык милициянын тергөө кызматы тарабынан, кылмышка шектүү катары кармалган Каракол шаарынын 32 жаштагы тургуну С.Ж. алдамчылыктын беш учуруна катыштыгы бар экенин аныкталды. Учурда шектүүнүн башка ушундай кылмыштарга бар, же жоктугу текшерилүүдө.

Каракол ШИИБнин тергөө кызматы шектүүнүн колунан жабыркаган жарандарды 0700498494 телефонуна, же 102 кызматына кайрылуусун суранат.

Пикир

Оставить комментарий