• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Алтын балалык” реабилитациялык борборун оңдоо жана жашылдандыруу иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында реконструкцияланып жаткан “Алтын балалык” ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдардын реабилитациялык борборун оңдоп-түзөө жана айланасын жашылдандыруу иштери уланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 6-мартта саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин демилгеси жана “Манас” университетинин эмгек жамаатынын колдоосу менен “Алтын балалык” реабилитациялык борборунун жаңыдан калыптанып келе жаткан сейил багында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аллеясы түптөлүп, анда 60 түп көчөт отургузулду. Ошондой эле борборду көрктөндүрүү иштерине Бишкек шаарындагы №5 Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери да катышып, бак-дарактарды отургузушту.

Мындан тышкары, курулуш иштерин өз убагында бүткөрүү үчүн болгон күч-аракет жумшалып, керектүү курулуш материалдары алынууда.

“Балдардын келечегине кайдыгер карабай, “Алтын балалык” ден соолукту калыбына келтирүү борборунун ишке берилишине салым кошуп жаткан ар кайдыгер эмес жаранга ыраазычылык билдиребиз”, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, борборду 1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата ишке берүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий