• 86.8
  • 91.85
  • 0.85

Карыбек Дүйшеев Конституциялык соттун төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Жогорку соттун судьясы Дүйшеев Карыбек Арстанбекович 5 жылдык мөөнөткө Конституциялык соттун төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Пикир

Оставить комментарий