• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Казакстанда плотинасы жырылган суу сактагыч 2019-жылы $1 миллионго капиталдык оңдоодон өткөн

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.11.21./Кабар/. 22-ноябрга караган түнү плотинасы жырылып кеткен Книжевский суу сактагычындагы калыбына келтирүү иштери буга чейин аны капиталдык оңдоодон өткөргөн компаниянын эсебинен жасалат. Бул тууралуу Алматы облусуна караштуу Жамбыл районунун акиминин орун басары Акниет Туматаев билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылы аталган суу сактагыч 454,8 миллион теңгеге (1 миллион доллардан ашык) капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн. Ага чейин долбоордук документтерди иштеп чыгуу үчүн 28,1 миллион теңге бөлүнгөн.

"Капиталдык оңдоо иштерин аткарган "Карабулак" компаниясы суу сактагычка эки жылга кепилдик берген. Ошондуктан калыбына келтирүү иштерине кете турган чыгымды ошол компания төлөп бериши керек", — деди Туматаев.

Книжевский суу сактагычынын плотинасы жекшемби күнү кечинде Жамбыл районундагы Мынбаев айылынан алыс эмес жердеги тилкесинде жырылган.

22-ноябрь күнү эртең менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү плотинадан агып чыккан суу жакын жердеги айылдарга зыян келтирбегенин, суу Мынбаев — Касымбек автоунаа жолун каптаганын билдирген. Анын айтымында, плотинанын жырылган жеринин кеңдиги төрт метрди түзүп, андан болжол менен секундасына 5-6 куб метр суу агып чыгып жаткан.

Расмий маалыматтарга ылайык, Книжевский суу сактагычы 1976-жылы пайдаланууга берилген. Кырсык болгон учурда 4,47 миллион куб метр суу бата турган суу сактагыч 50% толуп турган.

Пикир

Оставить комментарий