Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди.
Жогорку даражалуу конокту “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн келди.
Пикир
Оставить комментарий