• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кеңешбай Тайлаков: “Яндекс” таксинин тарифи жөнгө салынат

Коом 0

Бишкек, 27.07.23. /Кабар/. “Яндекс” таксинин тарифи жөнгө салынат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинин “KAБАР LIVE” программасында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков билдирди.

Тайлаковдун айтымында, аталган такси кызматынын тарифтери салыштырмалуу өтө кымбат экенине нааразы болгондор көп.

“Буга чейин да, эки-үч күн социалдык сегменттен, интернет тармактарынан “Яндекс” такси бааларды кескин көтөрүп жатат деген маалыматтар келген. Буга чейин да тиешелүү иштерди жүргүзүп, “Яндекстин” жетекчилери менен жолугушуп баа саясаты, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча өзүбүздүн сунуштарды бергенбиз. Азыр биз талдоо жүргүзүп жатабыз”- деди Кеңешбай Тайлаков.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы “Яндекс” такси Кыргызстанда монополист компания эмес экенин, ал эми тарифтерин тескөө боюнча чара көрүлөрүн кошумчалады.

“Яндекс” такси бизде расмий түрдө 2023-жылдын башынан баштап эле каттоодон өттү. Бүгүнкү күндө “Яндекс” такси бизде монополиялык деңгээлге ээ эмес. Монополиялык деңгээлге ээ болуу үчүн булар рыноктун 35%ын камтышы керек - ”, деди Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Тайлаков.

Ошондой эле Тайлаков, кечээ күнү эле аталган фирманын чет өлкөдөгү ээлери менен видео байланыш аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн, жакын арада “Яндекс” таксинин тарифтери мыйзамдуу түрдө жөнгө салынарын айтты.

Белгилей кетсек, "Яндекс" такси — "Яндекс" компаниясынын такси агрегатторунда кызмат көрсөткөн белгилүү бизнес тармактарынын бири. Фирма тамак-аш, азык-түлүк жеткирүү менен да алектенет. Өзүнүн мобилдүү тиркемеси да бар. Штаб-квартирасы Москвада жайгашкан.

"Яндекс" такси Кыргызстандын рыногуна 2017-жылы кирген. Ал эми расмий каттоодон 2023-жылдын башында гана өтүп, мамлекетке салык төлөй баштаган. "Яндекс" такси Бишкек жана Ош шаарларында эң көп кызмат көрсөтүп келет.

Пикир

Оставить комментарий