• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кемпир-Абад иши. Сот жети айыпталуучуну үй камагына чыгарды

Коом 0

Бишкек, 12.04.23 /Кабар/. Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү иши боюнча кармалгандардын бир катары үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондук соттун 12-апрелдеги токтому менен К.Сооронкулова, М.Абылов, Т.Мадеминов, Ч.Капаров, Г.Журабаева, У.Маматаев жана А.Сасыкбаевалар 2023-жылдын 20-июнуна чейин үй камагына чыгарылды.

Айыпталуучулар сот залынан үй камагына бошотулушту.

Эскерте кетсек, мындан мурда президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине Кемпир-Абад суу сактагычы маселеси менен кармалгандар боюнча маек берип, "ошол камакта жаткандардын дээрлик 90 пайызы жабык эшик артында өтүп турган чогулуштардын баарына бир эмес, эки-үч жолудан катышкандар. Демек, Кемпир-Абад боюнча маселе биздин пайдабызга чечилип жатканын менден жакшы билишкен. Бирок төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба алышпай, ушул Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп билдирген.

Пикир

Оставить комментарий