• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Керимбеков Бакыт №15

Шайлоо 2023 0

Керимбеков Бакыт

Туулган күнү: 1961-жылдын 7-июлу
Туулган жери: Тору-Айгыр айылы, Ысык-Көл облусу
Улуту: кыргыз
Билими: жогорку медициналык – невропатолог
КР пауэрлифтинг федерациясынын президенти
Пауэрлифтинг боюнча КР спортуна эмгек сиңирген чебер – 2021-жылы
Пауэрлифтинг боюнча дүйнөнүн 3 жолку чемпиону.
2021-жылы пауэрлифтинг боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону жана расмий түрдө дүйнөдөгү эң күчтүү спортчу (60-69 жаш)
Жатып оордук көтөрүү боюнча (225 кг) дүйнөнүн рекордсмени.

Кыргызстанда Кудайдын болушун каалайсыздарбы - № 15 добуш бериңиздер.

Кыргызстанда гана мыйзам түрүндө эч кандай дин таанылбайт. СССРде дагы жалпы кудайсыздык болгон эмес. Ойлонуп көрүңүздөр, СССРде жарандардын абийир эркиндигин (дин тутуу) камсыздоо максатында жалпы дүйнө тааным болгон дин эмес, чиркөө гана (диний уюм) мамлекеттен ажыратылган (дин таанылган).

1. «Кудай эл менен» демилге тобунун төрагасы катары КР ЖК кароосуна КР Конституциясынан «Дин жана бардык диний ырасымдар мамлекеттен ажыратылган» жобосун алып салуу жөнүндө мыйзам долбоорун киргизем. Биздин Конституция боюнча – динге ишенген адам Кыргызстандын жараны боло албайт, ал эми Кыргызстандын жараны динге ишенүүчү боло албайт. Кыргыз Республикасынын Конституциясын бардык динге ишенүүчүлөрдүн жашоо принциптерине ылайык келтирүү керек, болбосо Кудай Кыргызстандын жараны болгон мусулмандардын дагы, христиандардын дагы, иудейлердин дагы туткан орозосун кабыл албайт.

2. «Карылык кубаныч» демилге тобунун төрагасы катары КР ЖК кароосуна жашы же майыптыгы боюнча гана эмес жана жашоо минимумунан кем эмес – 7 500 сом, жашы боюнча да жана майыптыгы боюнча да толук көлөмдө пенсия төлөө жөнүндө мыйзам долбоорун киргизем. Оорулуу пенсионер дарыланууга, дары-дармекке жашы боюнча алган пенсиядан төлөбөшү керек, бул үчүн Конституцияда мамлекет кепилдеген майыптыгы боюнча пенсия бар.

3. Балдарды жана пенсионерлерди акысыз текшерүү жана дарылоо.

4. Пенсионерлерди жана мектепке чейинки жана мектептеги балдарды милдеттүү ар жылдык медициналык кароону жүзөгө ашыруу.

5. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди азайтуу, ал эми пенсионерлер үчүн жокко чыгаруу.

6. Медициналык мекемелерде арзан баада бейтаптарды тейлеген дарыкана тармактарын ачуу.

7. Жаш энелерге төлөмдөр жана бала дени сак, күчтүү жоокер, ата мекенди коргоочу болуп өсүшү үчүн энелерди, ымыркайларды акысыз азыктык аралашмалар менен камсыздоо.

8. Милдеттүү акысыз орто билим берүү.

9. Балдардын мектепке чейинки мекемелеринде жана мектептерде ар бир курактык категория үчүн дене тарбия жана спорт менен машыгуунун илимий негизделген программасын киргизүү.

10. «Ардагер спортчу» демилге тобунун төрагасы катары КР ЖК кароосуна тандап айрым спортчуларга эмес, эл аралык байгелерде байгелүү орундарды ээлеген жана анын урматына Кыргызстандын желеги көтөрүлүп, гимни жаңырган бардык курактык категориядагы спортчуларга сый акы төлөө жөнүндө мыйзам долбоорун киргизем.

Материал «КР Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 18-пунктуна ылайык акысыз жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий