• 88.68
  • 95
  • 0.95

Хабиб Нурмагомедовдун октагонго качан чыгары маалым болду

Спорт 0

Бишкек, 29.03.19 /Кабар/. ММА мушкери Хабиб Нурмагомедов ушул жылдын сентябрь айында октагонго чыгат. Бул тууралуу Абсолюттук мушташ чемпионатынын (UFC) президенти Дэйна Уайт өзүнүн берген маегинде билдирген.

Нурмагомедовдун беттеши сентябрь айында өтөт. Анын атаандашы ким экендиги азырынча белгисиз.

“Хабиб азырынчы четтетилген, андан кийин ыйык Рамазан айы башталып, ал мушташтарга чыкпайт. Сентябрь айында беттеш өткөрөбүз”, - деген Уайт.

Эске салсак, 2018-жылдын 6-октябрында Лас-Вегас шаарында Хабиб Нурмагомедов UFC'нин чемпиондук титулу үчүн беттеште Конор Макгрегорду жеңип алган.

Беттештин соңунда Нурмагомедов октагондон чыгып, атаандаш тарап менен мушташа кеткен. Бул кылыгы үчүн ал тогуз айга дисквалификация алган.

Пикир

Оставить комментарий