• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ӨКМ: Абанын температурасы кескин төмөндөйт

Коом 0

Бишкек, 23.01.21. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 23-24-январь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. 23-24-январларда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетет.

23-24-январларда абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18°, түндүгүндө -16…-21°, күндүз -4…-9°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -14…-19°, күндүз -3…-8°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°, тоо этектеринде түнкүсүн -9…-14°, күндүз -1…-6°, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -8…-13°, чыгышында -13…-18°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -22…-27°, Ат-Башы районунда -26…-31°, күндүз -8…-13°, тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -12…-17° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

2021-жылдын 23-январынан 25-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчүшү мүмкүн. Алсак, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 55-107 чакырымдарында Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунун 68-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), 200-226 чакырымдарында (Каракысмак капчыгайы), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 64-90 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий