• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ӨКМ: Аксыдагы Чоң-Наманган каналына 12 жашар бала агып кетти

Кырсык 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Чоң-Наманган каналына 12 жаштагы бала агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 21-июлда саат 17:00 чамасында 2008-жылы туулган бала Кум айылындагы Чоң-Наманган каналына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

"22-июль күнү издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн жалпы 11 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылды. Азырынча жыйынтык боло элек, издөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий