• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ӨКМ: Көк-Арт дарыясында тосмонун авариялык абалга келген жайларын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Көк-Арт дарыясында №4 жээк коргоочу тосмонун авариялык абалга келген жайларын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жана Сузак райондук мамлекеттик администрацияларынын адистеринен турган комиссия курамы Сузак районунун аймагындагы Көк-Арт, Кара-Дарыя дарыяларынын жээктериндеги кооптуу тилкелерге, жээк коргоочу тосмолорго жеринде изилдөө иштерин жүргүзгөн.

Изилдөөлөрдүн натыйжада Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан Көк-Арт дарыясынын нугунан кум, шагыл аралашмасын алууга уруксат кагаздары (лицензия) берилген ишканалар тарабынан кум, шагыл аралашмасын иретсиз жана башаламан казып алууда дарыянын нугу 0,5-3 метрге чейин төмөндөп, №4 жана №10 жээк коргоочу тосмолордун фартуктары ачылып, авариялык абалга келгендиги, ошондой эле жаз, жай айларындагы күтүлүүчү сел, суу ташкындарында жээк коргоочу тосмолордун түпкү бөлүктөрү жуулуп, коргоочу дамбалар бузулуп кетүүсү мүмкүн экендигин комиссия курамы тарабынан аныкталган жана акт түзүлгөн.

Сузак районунун аймагындагы Көк-Арт дарыясынын нугунан иретсиз, башаламан кум, шагыл аралашмаларын казып алып, жээк коргоочу тосмолорду авариялык абалга келтиргендиги, материалдык чыгымдарга душар кылып жаткандыгы боюнча түзүлгөн акт жана сүрөттөрү ӨКМге жана өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жөнөтүлгөн. Өкүл тарабынан кагаздар Жалал-Абад облустук прокуратурасына өтөрүлүп берилген.

Мындан тышкары 2020-жылдын 13-15-апрель күндөрү нөшөрлөп жааган жаан-чачындан улам Көк-Арт дарыясындагы суунун көлөмү 110 м3/с түзүп, Сузак айыл аймагындагы Көк-Арт дарыясында курулган Жалал-Абад-Благовещенка автоунаа көпүрөсүнүн түштүк-батыш тарабында курулган №3 астананы курууда тизилген аска таштар деформацияга учурап, дарыянын агымы оң багытка агып, №4 жээк коргоочу тосмонун фартуктарын агызып кеткен.

Учурда №4 жээк коргоочу тосмонун авариялык абалга келген жайларын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий