• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Өкмөт: 2018-жылы Кыргызстандын аймагына 35 миң 215 Кытай жараны келген

Коом 0

Бишкек, 09.01.19 /Кабар/. 2018-жылы Кыргызстандын аймагына 35 миң 215 Кытай жараны келген (2017-жылга салыштырмалуу азаюу байкалууда – 41 307 жаран), ошол эле учурда республикадан 34 миң 436 Кытай жараны (2017-жылы – 40 690 жаран) чыгып кеткен. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргызстандын аймагындагы Кытай жарандарына байланыштуу абалга түшүндүрмө берди.

Боронов белгилегендей, акыркы мезгилдерде коомчулукта Кыргызстандын аймагына Кытай жарандарынын жүрүүсүнө тийиштүү жана Кытай жарандары тарабынан Кыргызстанды экспанциялоо жүрүп жатат деген сыяктуу ар кыл маалыматтар таркатылууда.

«Айрым билдирүүлөрдө эгерде Кыргыз Республикасы Кытайга болгон карыздан кутулбаса, өлкө аймагынын бөлүгүн берүүгө мажбур болот деп айтылууда. Бул чындыкка жатпайт, мындай келишим жок жана болуусу мүмкүн эмес. Бул теманы биздин эки тараптуу мамилелерге зыян келтирүүгө аракеттенген адамдар жайылтууда. Белгилей кетсем, быйылкы жылы биздин өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгына 27 жыл толгондугун белгилейбиз. Бул жылдар аралыгында биздин өлкө үчүн Кытай ишенимдүү өнөктөш жана жакын коңшулук мамиледеги өлкө болду. Кыска мезгил аралыгында биз мамилелерибизди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгарууга жетиштик. Кыргызстандын эгемендүү жылдарында Кытай бизге ар дайым колдоо көрсөтүп келүүдө, мунун ичинде кайтарымсыз жардамдар да бар. Азыркы кезде мамлекеттик долбоорлорго кытай инвестицияларынын жалпы көлөмү 2,1млрд АКШ долларын түздү, аталган каражаттар жол инфрастуктурасын жана энергетикалык секторду жакшыртууга багытталды», - деп маалымдады биринчи вице-премьер-министр.

Кубатбек Боронов баса белгилегендей, Кытай Өкмөтү Кыргыз Республикасына ири гранттык жардам көрсөтүп келет, алар биринчи кезекте өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө жана кыргыз элинин жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган. Атап айтканда, кеп жол инфраструктурасын жакшыртуу, социалдык обьектилерди куруу тууралуу болуп жатат.

Ал маалымдагандай, Бишкек шаарында жолдорду реконструкциялоо жана курууга 100 млн АКШ долларынын тегерегинде каражат бөлүнгөн. Мындан тышкары, Ош шаарында 26,4 млн АКШ долларына бааланган заманбап оорукана комплекси курулган. Ошондой эле баасы 32 млн АКШ доллары турган ирригациялык тутумду өнүктүрүү боюнча долбоорлор ишке ашырылууда.

«Кытай башкы инвесторлорубуздун бири болуп саналат. Бүгүнкү күнү кытай ишканаларынын саны 397ни түзөт, мындан тышкары 177 кыргыз-кытай биргелешкен ишканалары бар. Кытай инвестициялаган ири ишканалардан түшкөн салыктын көлөмү 2018-жылы – 3,8 млрд сомду (2017-жылга салыштырмалуу өсүү 20%) түзгөн », - деп билдирди Боронов.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматтарына таянып билдиргендей, КР МКК маалыматы боюнча 2018-жылы Кыргызстандын аймагына 35 миң 215 КЭР жараны келген (2017-жылга салыштырмалуу азаюу байкалууда - 41 307 жаран), ошол эле учурда Кыргыз Республикасынан 34 миң 436 КЭР жараны (2017-жылы – 40 690 жаран) чыгып кеткен.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтары боюнча, 2018-жылы республикабыздын аймагында катталган Кытай жарандарынын саны 24 миң 836 адамды (алардын ичинен 25 Кытай жараны КР аймагында жашоого уруксат алган) түзгөн. Мындан тышкары акыркы 9 жылда Кыргыз Республикасынын жарандыгын 268 Кытай жараны алган, алардын ичинде 171 – этникалык кыргыз, 72 – этникалык уйгур, 9 – өзбек, 6 – кытай, 9 – дунган жана 1 – казак бар.

Жыйынтыгында Кубатбек Боронов социалдык тармактардагы чагымга алдырган чакырыктардын жайылтылышы боюнча аракеттер жана түрдүү акциялардын баары мыйзамсыз жана бул өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууга багытталганын белгилеп кетти.

Буга байланыштуу ал жарандарды деструктивдүү мүнөздөгү жалган маалыматтарга алдырбоого чакырды.

Пикир

Оставить комментарий