• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Таиландда отелде бекинип алган саудиялык кыз качкын макамын алды

Дүйнө 0

Бишкек, 09.01.19 /Кабар/. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Сауд Арабиясынын 18 жаштагы жараны Рахаф Мохаммед аль-Кунунду качкын деп тапты. Бул тууралуу Австралиянын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү билдиришти.

Мурдараак бул мекемеге аль-Кунундун иши боюнча БУУнун Качкындар агенттиги кайрылган болчу. Анда австралия өкмөтү бул кайрылуу «жөнөкөй тартипте карала турганын» билдирген.

Буга чейин аль-Кунун анда Австралиянын виза бар экенин жана үй-бүлөсүнөн дал ушул өлкөгө качууга ниеттенгенин айткан.

Учурда кыздан атасы менен агасы Таиландда, бирок ал алар менен жолугушуудан баш тартууда.

Аль-Кунун 5-январда Кувейтте үй-бүлөсү менен эс алып жүргөн маалда качып кеткен. Ал Таиландга конгондон кийин сауд элчилигинин кызматкери алдап, анын паспортун алып алган.

Кийин кыз Бангкок аэропортундагы мейкана бөлүмөсүнө бекинип, БУУнун өкүлдөрү менен жолугушуудан баш тарткан. Бир күндүк сүйлөшүүлөрдөн кийин Таиланд бийлиги Рахаф өз мекенине же Кувейт бийлигине өткөрүлүп берилбей турганын билдирип, кыз БУУнун Качкындар агенттигинин өкүлдөрүнүн коштоосунда аэропорттон чыгып кеткен.

Кыз BBC радиосуна берген маегинде исламдан баш тартканын жана үйүнө кайтып барса аны өлүм күтүп турганын билдирген. Сауд Арабиясында динден баш тарткан адамдар расмий түрдө өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.

Сауд Арабиясында аялдардын укуктары өтө чектелген. 2017-жылы сентябрда гана аларга автоунаа айдоого уруксат берилген. 2018-январда аялдарга алгачкы жолу стадионго барып футбол көрө башташкан.

Пикир

Оставить комментарий