• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Өкмөт билим берүүгө каражаттарды салууга даяр - Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 15.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 15-майда, өлкө мектептерин Интернет менен камсыздоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кеңешмеге вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев катышты.

Өкмөт башчы билим берүү тармагы өлкөнүн социалдык-экономикалык жашоосундагы маанилүү тармактардын бири экендигин белгиледи.

“Өкмөт билим берүүгө каражаттарды салууга даяр, анткени, бул – келечекке болгон инвестиция. Биз чечишибиз керек болгон артыкчылыктуу маселелердин бири республиканын бардык мектептерин Интернет менен камсыздоо болуп саналат. Бул маселе көптөн бери көтөрүлүүдө жана биз жалпы компьютерлештирүү менен заманбап санариптик технологиялардын кылымында жашап жатканыбызды эске алуу менен ал күн тартибинен алынып салынышы керек”, – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева учурда республиканын мектептеринин 55 пайызында Интернет жеткиликтүү экенин маалымдады.

“Бардык мектептерди Интернет менен камсыздоо бир катар маселелерди, анын ичинде окуу материалдары менен камсыздоону, аралыктан “ачык сабактарды”, квалификацияны жогорулатуу курстарын жана жаңы окутуу ыкмаларын колдонуу боюнча кеңештерди өткөрүүнү чечүүгө шарт түзөт. Биздин жетишкендиктерибиздин бири Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосу менен жаңы окуу жылынан тарта 5 жана 6-класстын окуучуларынын тиешелүү окуу китептеринин комплекттери менен 100 пайызга камсыздалышы болуп эсептелет. Тажрыйба көрсөткөндөй, окуу китептерин 5 жыл сайын алмаштырып туруу зарыл. Ошону менен бирге жыл сайын жаңы окуу китептерди басып чыгарууга мамлекет 500 млн сомго жакын бөлүшү керек”, – деп түшүндүрдү министр.

Мындан тышкары, Гүлмира Кудайбердиева бүгүнкү күндө парламент депутаттарынын сунушу боюнча, окуу жылынын башталышын 1-сентябрдан 10-сентябрга жылдыруу маселеси чечилип жаткандыгын билдирди.

«Биздин жаратылыш шарттарыбызды эске алуу менен окуу жылынын башталышын которуу сунушу балдардын ден-соолугуна да пайдалуу. Алар жылуу мезгилди толук кандуу эс алуу үчүн натыйжалуу пайдалана алышат. Ошондой эле окуу процессинин башталышын которуу туризмди өнүктүрүүгө оңдуу таасирин берет. Эгерде окуу жылынын башталышы 10-сентябрга жылдырылса, тийиштүү түрдө, окуу жылы 31-майга дейре узартылат. Ошол эле учурда окуу жылынын которулушу мугалимдердин сааттык жүктөмүнө жана эмгек акысына таасирин тийгизбейт деп ишендирип кетем», – деди министр.

Премьер-министр белгилегендей, ведомство тарабынан компьютердик техника, окуу куралдары менен камсыздоо, ошондой эле аймактарда кесиптик билим берүү тутумун өнүктүрүү сыяктуу биринчи кезектеги милдеттерди чечүү максатында билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулат.

Мындан тышкары, Мухаммедкалый Абылгазиев Билим берүү жана илим министрлигине заманбап технологияларды колдонуу менен окуу китептерин чыгарган басмакананы ачуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды. Аталган чечим Кыргызстанда окуу китептерин басып чыгаруунун заманбап тутуму үчүн зарыл басма үйлөрүн уюштуруу процессин ишке киргизет.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев белгилегендей, учурда калган бардык мектептерди Интернетке кошуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө жана ал була-оптикалык линиянын курулушунан соң толугу менен жыйынтыкталат.

Буга байланыштуу Өкмөт башчы була-оптикалык линиянын курулушунун аяктоо мөөнөтүн аныктоону, андан соң кезектеги кеңешмеге даярдык көрүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте Интернетке кошулуу боюнча эсептөөлөрдү ыкчам тартипте жүргүзүүсүн, ошондой эле кайсы мектептерде Интернет бардыгын жана кайсы мектеп ага муктаж экендигин көрсөтүп турчу интерактивдүү картаны сунуштоосун тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий