• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өкмөт «КР кичи ишкердүүлүк субъектилерин микрокаржылоо» программасын ишке киргизди

Өкмөт 0

Бишкек, 29.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын тийиштүү буйругуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду. «Кичи бизнес микрокаржылоо жаңы аспабынын көмөгү аркылуу өнүгүү үүчүн жаңы дем алат. Жаңы жумушчу орундары түзүлүп, жаңы кичи ишканалар ачылат, экономикабыздын ар-кыл тармактарындагы өндүрүш кеңейтилет», – деди Сапар Исаков. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

«Кыргыз Республикасынын кичи ишкердүүлүк субъектилерин микрокаржылоо» Программасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы доорго кырк кадам» Программасынын «Жеткиликтүү кредит» 10-кадамын ишке ашыруу алкагында жеңилдетилген насыялоо аркылуу кичи ишкердүүлүк субъектилерин колдоого багытталган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демилгеси боюнча Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду аталган программаны ишке ашырууга 10 млн АКШ долларын бөлөт. Кичи ишкердүүлүк субьектилерине кредиттер Программа негизинде Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду тарабынан тандалган финансы-кредиттик мекемелер аркылуу берилет. Микрокредиттер төмөнкү тармактардагы ишкердүүлүктү ишке ашыруу үчүн берилет:

1) агроөнөржай комплекси:

2) жеңил өнөр жай: тигүү жана текстиль өнөр жайы;

3) кайра иштетүү өнөр жайы, ошондой эле айыл жергесинде атамекендик сырье жана материалдарды кайра иштетүү боюнча аймактарда экономикалык ишкердик менен алектенген ишканалар;

4) атамекендик өндүрүш, өзгөчө, айыл чарба продукциясын даярдоо, маркетингдөө, алга жылдыруу жана сатуу менен алектенген аймактык соода-логистикалык компаниялар;

5) айыл жергесиндеги туризм, анын ичинде экотуризм, айыл чарба туризми жана тоо туризми; 6) төмөнкүлөрдү камсыздаган экономиканын бардык тармактары: – экологиялык таза продукцияларды өндүрүү; – заманбап технологияларды киргизүү; – жогорку технологиялык продукцияларды чыгаруу; Мында кластердик өндүрүштү киргизген жана экономиканын приоритеттүү тармактарында иштеп жаткан кластерлердин кошумча нарк чынжырчасынын катышуучусу эсептелген ишкердик субьектилери артыкчылыктуу болуп саналат.

Төмөндөгү ишкерлик түрлөрүн насыялоого тыюу салынат:

1) тамеки жана тамеки продукциясын, алкоголдук сусундуктарды курал-жарактарды, баңгизаттарды өндүрүү (медициналык маанидеги дармектерден тышкары); 2) оюн бизнеси;

3) балдар эмгегин күчтөп пайдаланган тармактар;

4) мыйзам тарабынан тыюу салынган ишкердүүлүктүн башка түрлөрү.

Программага ылайык, кичи ишкердик субъектилерине микрокредиттер төмөнкү шарттарда берилет: 1) Жеке микронасыялоо, же топтук микронасыялоодо кредиттин суммасы 500 миң сомдон ашпоосу керек (бирикке займчылар тобуна); 2) насыялоо мөөнөтү – 24 ай, жеңилдетилген мезгил – 6 ай. Микрокредит улуттук валютада берилет, кичи ишкердик субъектилери үчүн жогорку пайыздык чек – 14 пайыздан жогору эмес;

3) үстөктөрдү төлөө ай сайын жүргүзүлөт, кредиттин негизги суммасы бирдей үлүштө төлөнөт (квартал сайын); 4) финансы-кредиттик уюмдар өзүнүн жеке ички процедураларына ылайык, күрөө менен камсыздалган жана камсыздалбаган кредиттерди бере алат, күрөөлүк камсыздоо талап кылынган кезде күрөө кредиттин суммасынан 120 пайыздан ашпоосу тийиш;

5) финансы-кредиттик уюмдар кичи ишкерлик субьектилеринен кошумча комиссиялык төлөмдөрдү, анын ичинде кредитти мөөнөтүнөн эрте төлөөсү жана эсептик счеттон каражаттарды накталай алуусу үчүн төлөм алууга укугу жок.

Пикир

Оставить комментарий